КР ТИМ Казакстанда жашаган кыргыз жарандарын эл көп чогулган жерлерге барбоого чакырат

КР ТИМ Казакстанда жашаган кыргыз жарандарын эл көп чогулган жерлерге барбоого чакырат

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Казакстандын аймагында жашаган кыргыз жарандарын эл көп чогулган жерлерге барбоого чакырат.

Ошондой эле министрлик Казакстандагы акыркы окуяларга байланыштуу коңшу мамлекеттин аймагындагы мекендештерибизге өлкөдө туруунун мыйзамдарын жана эрежелерин туура сактап, чагымчылдыкка алдырбай, кандайдыр бир чыр-чатактуу окуяларга катышпоого, жашаган жеринен алыс чыкпоого чакырат.

КР ТИМдин маалымат кызматы, ушул тапта кыргыз-казак көзөмөлдөө-өткөрмө пункттары кадимки штаттык тартипте иштеп жаткандыгын эске салып, мекенине кайтууну каалаган кыргызстандыктар кыргыз-казак чек арасынан тоскоолдуксуз өтө ала тургандыгын билдирди.

Эскерте кетсек, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Массалык нааразылык акцияларынан улам Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн эртең менен өкмөттүн отставкасы тууралуу жарлыкка кол койду. Ошондой эле Казакстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасы алмашып, Нурсултан Назарбаевдин ордуна Касым-Жомарт Токаев келди.

ЖМКлардын маалыматына караганда, митингчилер Алматыдагы президенттин резиденциясын жана аэропортту басып алышкан.

Нур-Султан, Алматы шаарларында жана Мангистау облусунда өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилди. Карапайым калк менен коопсуздук кызматкерлери ортосунда кагылышуу уланууда.