Мекенине кайтууну каалаган кыргызстандыктар кыргыз-казак чек арасынан тоскоолдуксуз өтө алат

Мекенине кайтууну каалаган кыргызстандыктар кыргыз-казак чек арасынан тоскоолдуксуз өтө алат

Мекенине кайтууну каалаган кыргызстандыктар кыргыз-казак чек арасынан тоскоолдуксуз өтө алат. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө таянсак, учурда кыргыз-казак көзөмөлдөө-өткөрмө пункттары кадимки штаттык негизде иштешүүдө.

Казакстандагы акыркы кезде болуп жаткан окуяларга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын аймагындагы мекендештерибизге өлкөдө туруунун мыйзамдарын жана эрежелерин туура сактап, чагымчылдыкка алдырбай, кандайдыр бир чыр-чатактуу окуяларга катышпоого, адамдар көп чогулган жерлерге барбай, жашаган жеринен алыс чыкпоого чакырат.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги жана Алматы шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугу менен биргеликте, азыркы кезде Казакстанда болуп жаткан окуяларды үзгүлтүксүз байкоодо жана кыргыз диаспоралык уюмдар менен тыгыз байланышууда.

Кыргыз-казак көзөмөлдөө-өткөрмө пункттары кадимки штаттык негизде иштешүүдө, зарыл болгон учурда, мекенине кайтууну каалаган кыргызстандык жарандар кыргыз-казак чек арасынан тоскоолдуксуз өтө алышат.

КРнын ТИМнин Консулдук кызмат департаментинде, Кыргызстандын Казакстандагы элчилигинде жана Алматы шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугунда ыкчам байланыш телефондору иштеп жатат, ал номерлер аркылуу Казакстандын аймагындагы Кыргыз Республикасынын жарандары консулдук-укуктук жардам алуу боюнча бардык суроолору менен кайрыла алышат.

КРнын ТИМнин Консулдук кызмат департаменти:

+996 551 312 000 - ыкчам байланыш номери

+996 555 007 626

+996 708 52 21 37

+996 707 989 895

+996 709 983 465;

КРнын Нур-Султан шаарындагы элчилиги

+996 (772) 454-444;

КРнын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу

+7 (777) 037-14-48

+7 (777) 815-00-72