Стамбулда Кыргызстан менен Түркиянын ички иштер министрлери кызматташтыкты талкуулашты

Стамбулда Кыргызстан менен Түркиянын ички иштер министрлери кызматташтыкты талкуулашты

2021-жылдын 24-октябрында Стамбул шаарында Кыргызстан менен Түркиянын ички иштер министрлери Улан Ниязбеков жана Суламан Сойлу жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда Улан Ниязбеков Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы бир туугандык мамилелерди баса белгилеп, ошондой эле тарыхы, тили жана маданияты бирдей болгон эки өлкөнүн башчыларынын эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдөгү баа жеткис эмгегин айтып өттү.

Ошону менен бирге, ал Кыргыз Республикасы менен Түркиянын Ички иштер министрликтеринин ортосундагы кызматташтыктын өсүшүнүн оң динамикасын белгилеп, Кыргызстандын ИИМнин тутумунда жүргүзүлүп жаткан реформа тууралуу маалымат берди. Айрыкча маалыматтык технологияларды жана автоматташтырууну ишке киргизүүгө өзгөчө басым жасалганын маалымдады.

Мындан тышкары, ИИМдин жетекчиси түркиялык кесиптешине Түрк полициясынын укук бузууну алдын алуудагы, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү тажрыйбаларын, заманбап техниканы колдонуудагы жетишкендиктерин Кыргызстандын ички иштер органдарынын кызматкерлерине окутуп-үйрөтүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну сунуштады. Анткени, кылмыштуулуктун алдын алууда жана ага каршы күрөшүүдө акыркы технологияларды киргизүү жана колдонуу боюнча башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын үйрөнүү пайдалуу болот.

Өз кезегинде, Түркиянын ички иштер министри Сулайман Сойлу кылмыштуулук менен күрөшүүдө министрликтердин ортосундагы кызматташтыктын жана карым-катнаштын маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле эки өлкөнүн ведомстволорунун ортосундагы кызматташтык жөнүндө Макулдашууга кол коюу процессин тездетүүгө даярдыгын билдирди.

Жолугушуу жылуу жана достук мамиледе өттү.