Кыргызстанда электрондук санариптик документтер сыноодон өтүүдө

Кыргызстанда электрондук санариптик документтер сыноодон өтүүдө

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) менен биргеликте электрондук санариптик документтерди сыноодон өткөрүүдө. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, долбоор КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан Ички иштер министрлиги менен биргеликте ишке ашырылып, 2021-жылдан 13-сентябрынан бери бүтүндөй Кыргызстан боюнча тесттик режимде ишке берилген. Долбоорду техникалык иштеп чыгуучу министрликке караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы болуп саналат.

«Санариптик документтер» жаңы кызматы кыргызстандыктарга «Tunduk» Мамлекеттик порталынын мобилдик тиркемеси аркылуу КР ИИМ кызматкерлерине санариптик паспортун, санариптик айдоочулук күбөлүгүн жана транспорт каражатын каттоо күбөлүгүн өздөрүнүн смартфонунан эле ачып көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Смартфондо санариптик айдоочулук жана транспорт каражатын каттоо күбөлүгү кадимки документтердин түп нускасындай болгону менен анда атайын уникалдуу QR-код камтылып, ошондой эле бир жолу колдонулуучу сыр сөз бар.

Өз кезегинде КР ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери планшеттер жана атайын программалык камсыздоолор аркылуу текшерүү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Белгилей кетсек, процесс толугу менен жогорку коопсуздукка ээ жана үчүнчү жактардын алдамчылык аракеттерин жокко чыгарууга мүмкүндүк бар, анткени бир жолу колдонуучу сыр сөз автоматтык түрдө жаңыртылып берилип турат (жарактуулук мөөнөтү 3 мүнөттөн ашпайт).

Азыркы учурда «Санариптик документтер» кызматында 3 документ сунушталды:

- идентификациялык карта;

- айдоочулук күбөлүк;

- транспорт каражатын каттоо күбөлүгү.

Бул кызматтан пайдалануу үчүн:

- КТБнан электрондук санарип кол тамганы алуу;

- App Store же Play Market «Тундук» тиркемесин жүктөп алуу;

- электрондук санариптик кол тамга аркылуу мобилдик тиркемеде авторизациядан өтүү;

- тиркемеде «Санариптик документтер» бөлүмүнө өтүү;

- документти тандоо жана бөлүшүү;

- ИЖНди жана телефондун экранында пайда боло турган кыска кодду айтуу.