Байге фонду 1 млн сом. Бишкекте кыргыз-казак айтышы өтөт

Байге фонду 1 млн сом. Бишкекте кыргыз-казак айтышы өтөт

Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына арналган кыргыз-казак ХIV эл аралык айтышы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, министрлик “Айтыш” коомдук фонду менен биргеликте Өтө Көкө уулунун (Жеңижок) 160 жылдык, казак элинин акыны Жамбыл Жабаевдин 175 жылдык мааракелерине арналган кыргыз-казак эл аралык айтышын өткөрөт.

Максаты:

- Кыргыз элинин байыркы тарыхы менен маданиятын жандандыруу багытында улуттук мүнөздөгү төкмөлүк жана айтыш өнөрүнө байланышкан сынактарды уюштуруу аркылуу элдин маданиятка болгон кызыгуусун өстүрүү;

- кыргыз-казак достугун чыңдоо;

- төкмө акындык өнөрдү өнүктүрүү;

- жаңыдан өсүп келе жаткан жаш таланттарды коомчулукка таанытуу, шык берүү.

Айтыштын биринчи жана 2 – айлампасы эки баскычта жарым финал жана финал тартибинде өтөт. Баалоо баллдык системада жүргүзүлөт.

1 – баскыч (тандоо): 2021-жылдын 20-августунда саат 10:00дө Коомдук телерадио корпорациясынын концерттик залында өткөрүлөт.

Тандоо критерийлери:

1. Кыргыз Республикасынын бардык аймагынан акындар катыша алат, жаш курагы жана башка өзгөчөлүктөрү чектелбейт.

2. Айтышкан ар бир жупка 10-12 мүнөттөн убакыт берилет.

3. Упай тең болуп калган учурда жашы улуусуна жол берилет.

4. 8 акын тандалып алынып, Казакстандан келген 8 акын менен бирге жалпы 16 акын айтышка катышат.

2 – баскыч (финал): 2021-жылдын 30-31-август күндөрү Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөрүлөт. Иш-чара саат 18:00дө башталат.

Айтышкан акындардын төмөнкү артыкчылыктарына карата баа берилет:

1. Ырынын көркөмдүгү, төкмөлүк шыгы, уйкаштыгы, оюнун тереңдиги, салттуулугу, нарктуулугу.

2. Аткаруучулук чеберчилиги.

3. Сахнадагы маданияты.

Байге фонду: 1 миллион сом.

Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына арналган кыргыз-казак ХIV эл аралык айтышына кош байге коюлат.