...

Афганистандан дагы 15 кыргызстандык эвакуацияланды – ТИМ

Башка жаңылыктар Башка жаңылыктар 18 Avqust 2021 14:20
Кыргызстан Kabar Nursuluu
Афганистандан дагы 15 кыргызстандык эвакуацияланды – ТИМ

Бүгүн, 18-августта, Афганистандан дагы 15 кыргызстандык жаран эвакуацияланды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматына караганда, кыргызстандыктар азыр Казакстанда.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстанга жана өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине Кабулдан Кыргызстандын жарандарын чыгарып кетүүгө колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

Эскерте кетсек, кечээ 17-августта, элчиликтин жардамы менен Кыргызстандын 9 жараны эвакуацияланган.

Жаңылыктар

Жаңылыктар түрмөгү