Бишкекте Россиянын маданият күндөрү салтанаттуу ачылды

Бишкекте Россиянын маданият күндөрү салтанаттуу ачылды

Күн мурун, 12-августта Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Россиянын маданият күндөрү салтанаттуу ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын маданият министри Кайрат Иманалиев жана Россиянын маданият министринин орун басары Ольга Ярилованын катышуусу менен өттү.

Маданият күндөрүнө Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү, коомдук маданий ишмерлер, Кыргызстандагы орус диаспорасы, шаар тургундары жана меймандар күбө болушту.

Концертте орус элинин бай маданиятын таанытууга багытталган Зарни Ёл, Домино, Йатаган, Колесо жана Чылтыс Таннагашева катышкан фольклордук топтордун аткаруусундагы "Фольклор - Россиянын жаңы" аталышындагы концерт тартууланды.