Кыргызстанда Жашыл каржы корпорациясын түзүү пландаштырылууда

Кыргызстанда Жашыл каржы корпорациясын түзүү пландаштырылууда

"Жашыл экономиканы өнүктүрүү" программасын ишке ашыруунун алкагында туруктуу каржылоо багыты боюнча Кыргызстандын банктары менен эл аралык финансынын ортосунда пионер жана көпүрө болууга тийиш болгон Жашыл каржы корпорацияны түзүү пландаштырылууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жашыл каржы корпорациясын түзүү экологиялык транспорт, күн батареялары, энергияны жана башка ресурстарды үнөмдөөчү технологиялар сыяктуу жашыл технологияларды насыялоону колдоо үчүн өлкөнүн банк секторуна климаттык каржылоону тартууга мүмкүндүк берет.

Экономика министрлигинин стратегиялык пландаштыруу бөлүмүнүн башчысы Э.Ашыровдун айтымында, бул банктарга чакан жана орто бизнести/калкка чыгаруу үчүн тартылган ресурстарды узак мөөнөткө төмөн пайыздык чендер менен кайра бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет.

"Корпорациянын негизги максаты - жашыл жана климаттык каржылоону банк секторуна узак мөөнөткө тартуу. Жашыл каржы корпорациясы банк ишинде маанилүү жашыл оюнчу болуп калат. Чынында, бул экономиканын тармактары боюнча жашыл долбоорлорду жана жашыл технологияларды каржылоо үчүн узак мөөнөткө шарттуу арзан кредиттик ресурстар. Учурда Кыргызстанда Жашыл каржы корпорация долбоорун ишке ашыруу механизмдери иштелип чыгууда", - деди ал.

Бөлүм башчы ошол эле учурда банк секторунда туруктуу каржылоону өнүктүрүү, жашыл жана климаттык каржылоону тартуу үчүн банктар экологиялык чөйрөнү камтыган башкаруу мүнөздөмөлөрүнүн жыйындысы болуп саналган ESG (Экологиялык, социалдык жана корпоративдик башкаруу) стандарттарын ишке ашырууга тийиш экенин кошумчалады.

Э.Ашыров КРда жашыл экономиканы өнүктүрүүнүн негизги багыттарына токтолуп, "Жашыл экономиканы өнүктүрүү" программасынын алкагында 7 стратегиялык багыт аныкталганын белгиледи: жашыл энергетика, туруктуу туризм, жашыл айыл чарба, жашыл өнөр жай, экологиялык транспорт, жашыл шаарлар, таштандыларды башкаруу.

Мындан тышкары, ал бул багыттарды ишке ашырууну колдоо үчүн секторлор аралык 4 багыт бар экенин айтты: туруктуу каржылоо, фискалдык стимул, туруктуу мамлекеттик сатып алуулар жана потенциалды жогорулатуу.

"Бул аймактарда биздин жарандар узак мөөнөттүү насыя ала алышат. Ар тараптуу жашыл экономиканы өнүктүрүү менен биз дүйнөдөгү жаңы реалдуулуктарга көбүрөөк ыңгайлаша турганыбызды белгилей кетүү маанилүү. Бирок өнүгүүнүн азыркы этабында жашыл экономика долбоорлору салыштырмалуу кымбат, ошондуктан калк үчүн узак мөөнөттүү насыялар керек.

Бул этапта келечектеги Жашыл каржы корпорациясынын оптималдуу түзүмүн кароо процесси жүрүп жатат. Азыр укуктук негиздери, укуктук аспектилери каралып жатат. Корпорация чындыгында банк секторунда маанилүү жашыл оюнчуга айланат жана ушуга байланыштуу корпорациянын иштеши үчүн ыңгайлаштыруучу базаны даярдоо зарыл.

Эң негизги жана критикалык жагдай – бул Жашыл каржы корпорациясынын иштешине катышууга банктардын өздөрүнүн кызыкчылыгы болуп саналат, анткени бул аларга жашыл жана климаттык каржылоо түрүндөгү узак жана арзан кредиттик ресурстарды алууга мүмкүндүк берет", - деп баса белгиледи ал.