Кыргызстанда кэшбэк механизмин киргизүү пландалууда

Кыргызстанда кэшбэк механизмин киргизүү пландалууда

Жаңы Салык кодексинде кэшбэк механизми киргизилүүдө. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Адилет Дубанаев билдирди.

Анын айтымында, аталган механизм кодексте мыйзам долбоору катары киргизилүүдө, бирок эгерде кийинки жылы кодекс киргизилсе, анда Салык кызматы механизмдерин толугурак жазып чыгат.

«Мисалга, эгерде сиз 100 сомго товар сатып алсаңыз мамлекет кандайдыр бир бөлүгүн сиздин эсебиңизге кайтарат. Азыр кандай пайызы экендиги тууралуу толук айта албайм, 1 пайыз же 2% болушу да ыктымал. Бул сатып алуучуларды сатуу дүмүрчөгүн сканерлөөгө үндөйт», - деди ал.