КР менен Пакистандын ортосундагы транспорттук-логистикалык байланышты өнүктүрүү талкууланды

КР менен Пакистандын ортосундагы транспорттук-логистикалык байланышты өнүктүрүү талкууланды

2021-жылдын 13-сентябрында Пакистандын Лахор шаарына болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев Пенджаб провинциясынын Инвестициялар жана соода кеңешинин башкы директору Эрфа Икбал менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун алкагында Элчи Тотуяев Пакистан тарабына Кыргызстандагы ички саясий жана социалдык-экономикалык абалдын турукташуусу, жагымдуу инвестициялык климат жөнүндө маалымат берди. Ушуну менен бирге, биздин өлкөнүн Пакистан менен болгон экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүнү улантарын белгиледи.

Тараптар айыл чарба, фармацевтика, энергетика жана текстиль тармактардындагы кыргыз-пакистан кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Пакистан тарабы Кыргызстандын инвестициялык долбоорлорун кароого, ошондой эле Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында өтө турган ЭКСПО-2020 аттуу эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында кыргыз компанияларынын өкүлдөрү менен В2В форматындагы жолугушууларды өткөрүүгө даярдыгын билдирди.

Мындан тышкары, жолугушуу учурунда Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Иш-чаранын жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда түз бизнес байланыштарды түзүүгө жана кеңейтүүгө, ошондой эле инвестициялык долбоорлорду алмашууга көмөктөшүүгө даяр экендигин ырасташты.