Кыргызстанда уран менен торий казуу пландалууда

Кыргызстанда уран менен торий казуу пландалууда

Кыргызстанда уран менен торий казууну мамлекеттик компаниялар жүргүзөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев билдирди.

Анын айтымында, эки жыл мурун уран менен торийди казууга тыюу салынган.

“Эгер жаңы кодекс кабыл алынса, анда айрым беренелер өзгөртүлөт. Уран менен торийди казууда коопсуздук маселесин көзөмөлдөй турган регламент болот”, - дейт ал.