Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май 50 тыйынга арзандады

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май 50 тыйынга арзандады

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майга болгон баа 50 тыйынга арзандады. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-сентябрга карата май куюучу жайларда күйүүчү майдын бир литри 0,5 сомго арзандады.

“Ошондой эле ата мекендик нефтетрейдерлерде 60 күнгө жете турган бензиндин кору бар”, - деп айтылат маалыматта.