Жыл башынан бери Кыргызстанга түз чет өлкөлүк инвестициялардын агымы 95,4% га өстү

Жыл башынан бери Кыргызстанга түз чет өлкөлүк инвестициялардын агымы 95,4% га өстү

Кыргызстанга 2021-жылдын биринчи жарымында түз чет өлкөлүк инвестициялардын агымы 95,4% га өсүп, 321,3 млн долларды түздү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР инвестициялар министринин орун басары Нурадил Баясов билдирди.

Анын айтымында, анын ичинен:

- профессионалдык ишмердүүлүк - 35,4%;

- Өндүрүш өнөр жайы - 35,4%;

- пайдалуу кендерди казуу - 22,5%;

- кайра иштетүүчү өнөр жайы - 19,3%.

«Өз кезегинде 2020-жылы түз чет өлкөлүк инвестициянын агымы 537,5 млн долларды түзүп, COVID-19 пандемиясына байланыштуу 50,1%га түшкөн»,-деди ал.

Инвестициялар министринин орун басары төмөндөгудөй иштер жүргүзүлүп жатканын кошумчалады:

- соода-өнөр жай палатасын реформалоо;

- эркин экономикалык аймагынын концепциясы кайра каралууда;

- «Инвестициялык талаштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча» токтому боюнча долбоор иштелип чыгып, макулдашылууда;

- Инвестициялык долбоорлорду экспертизалоо жана даярдоо институтун түзүү боюнча токтомдун долбоору иштелип чыкты жана макулдашылып жатат;

- инвестиция чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын өз ара аракеттери боюнча токтом долбоору иштелип чыгып, макулдашылууда;

- КРда инвестициялар тууралуу мыйзамдын жаңы редакциясы иштелип чыгууда.