Кыргызстандын ИДПсы 405 млрд сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 0,7 пайызга төмөндөдү

Кыргызстандын ИДПсы 405 млрд сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 0,7 пайызга төмөндөдү

Үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында ички дүң продукт алдын ала баалоо боюнча, 405 миллиарддан ашык сомду түздү жана 2020-жылдын январь-августуна салыштырмалуу 0,7 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

“Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында ИДПнын көлөмү 369 миллиардга жакын сомду түздү жана 3,6 пайызга жогорулады.

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2021-жылдын январь-август айларында 206 миллиардга жакын сомду түздү жана өткөн жылдын январь-август айларына салыштырмалуу 7,3 пайызга төмөндөдү, буга себеп фармацевтикалык продукциялар (39,5 пайызга), химиялык продукциялардын (35,6 пайызга), ошондой эле машиналардын жана жабдуулардан башка негизги металлдардын жана даяр металл буюмдарын өндүрүү көлөмүнүн (27,2 пайызга) кыскарышы таасирин тийгизди.

Курулуш жана айыл чарба тармактарында төмөндөөлөр байкалды, алардын көлөмү курулушта – 9,1 пайызга, айыл чарбасында 4,9 төмөндөдү, ушул эле учурда дүң жана чекене соода жүгүртүүдө тескерисинче, көлөмдүн 10,9 пайызга өсүшү белгиленди.

Үстүбүздөгү жылдын январь-августунда (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын өсүүсү 6,2 пайызды түздү. Ушул эле учурда, баалар тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга 7,6 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге – 9,3 пайызга, азык - түлүк эмес товарларга - 5,3 пайызга, калкка кызмат көрсөтүүнүн тарифтери 2,3 пайызга өсүүлөрү байкалды.